Пайдалуу кеңештер
Эң пайдалуу жазгы жашылчалардын тизмеси

Диетолог, нутрициолог Софья Кованова жаз мезгилиндеги эң пайдалуу жашылчаларды атады. Бул тууралуу ал aif.ru басылмасына берген маегинде билдирди.
«Жазында рационго эрте чыккан көк чөптөрдү кошуу керек: шпинат, руккола, көк пияз. Алар фолаттардын, С витамининин жана иммунитетти жана зат алмашууну колдогон антиоксиданттардын жакшы булагы», — деди Кованова.
Ошондой эле ал жазында редис менен редьканы жегенди сунуштады. Диетолог бул жашылчалар С витаминине жана клетчаткага бай экенин белгиледи. Бирок ашказан-ичеги оорулары бар адамдар аларды ченеми менен колдонушу керектигин эскертти.
Мындан тышкары, адис жазгы рационго капустаны да кошууга чакырды. Анын айтымында, бул жашылча клетчаткага, ошондой эле С жана K витаминдерине бай.



