Жүрөккө зыян алып келүүчү терс адаттар

Дарыгери Айгуль Арсланова жүрөккө эң коркунучтуу, акырындап зыян келтирген адаттарды атап берди.
Дарыгердин айтымында, мындай адаттардын бири — аз кыймылдуу жашоо образы. Ал бул учурда булчуңдар алсырап, зат алмашуу жайлап, семирүү жана жүрөк ооруларынын коркунучу жогорулай турганын түшүндүрдү. Мындай көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн ар 30 мүнөт сайын жеңил көнүгүү жасап туруу сунушталат.
Ошондой эле, туура эмес тамактануу жүрөккө зыян келтирет. Айрыкча туз, кант, каныккан майлар жана трансмайлар көп болгон тамак-аш коркунучтуу.
Дарыгердин айтымында, туура тамактануунун негизин дан азыктары, жемиштер жана жашылчалар түзүшү керек.
Мындан тышкары, жүрөккө төмөнкү адаттар да зыян:
- алкаголду ашыкча колдонуу
- тамеки тартуу;
- уйкунун жетишсиздиги
- өнөкөт стресс;
- ашыкча салмак;
- коомдон обочолонуу.
Ошондой эле Айгуль Арсланова кооптуу белгилерди көз жаздымда калтырбоого жана үзгүлтүксүз медициналык текшерүүдөн өтүп турууга чакырды.



