Саясат

Данияр Амангелдиев Москвада Алексей Оверчук менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Москвада Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук менен жолугушту. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн Telegram каналында кабарланды.

“Кыргызстан менен Россияны бекем өнөктөштүк байланыштары бириктирет. Алар ишенимге жана бири-бирин колдоого негизделген. Ортобузда соода жүгүртүүнү көбөйтүү жана отун-энергетика тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар”, — деди Алексей Оверчук Данияр Амангелдиев менен жолугушууда.

Тараптар мындан ары да алаканы бекемдөөгө даяр экенин ырасташты.

Тектеш кабарлар

Back to top button