Адис тишти бат бузган суусундуктарды атады

Стоматолог-терапевт Валентина Гайдукова тишти эң бат бузган суусундуктар тууралуу айтып берди.
Дарыгердин айтымында, тиш үчүн эң кооптуу — кычкыл суусундуктар, айрыкча газдалган суусундуктар (анын ичинде диеталык түрлөрү да). Курамында кант болбосо да, алардын ичинде фосфор жана лимон кислоталары бар. Бул кислоталар ооз көңдөйүндөгү pH деңгээлин төмөндөтүп, тиштин эмалын жумшартып, аны бат бузулууга алсыз кылат.
Ошондой эле жемиш ширелери жана смузилер да зыяндуу. Көпчүлүк аларды пайдалуу деп ойлошот, бирок табигый жемиш кислоталары менен канттар кошулганда, тиш эмалына эки эсе зыян тийгизет. Айрыкча цитрус ширелери — апельсин, грейпфрут, лимон ширелери — көбүрөөк таасир этет.
Мындан тышкары, энергетикалык жана спорттук суусундуктар да тишке зыян. Анткени алардын курамында кислоталар жана кант бар, кээде оозду кургатып, шилекейдин коргоочу касиетин азайтат. Мындай шартта тиш эмалынын бузулуу процесси (деминерализация) дагы да тез жүрөт.



