Маданият

Бишкекте XIV Эл аралык кыска метраждуу фильмдер фестивалы өтөт

21–24 апрель күндөрү Бишкекте XIV Эл аралык кыска метраждуу фильмдер фестивалы өтөт. Бул иш-чара региондогу заманбап кино өнөрүн өнүктүрүүгө багытталган маанилүү маданий аянтча болуп саналат, деп билдирет Маданият министрлиги.

Ага ылайык, быйыл фестивалга ар кандай өлкөлөрдөн 900дөн ашык арыз келип түшкөн, бул анын эл аралык аброю жогорулап жатканын жана кино индустриясындагы маанилүү ролун тастыктайт. Фестиваль белгилүү режиссер Альгимантас Видугиристин 90 жылдыгына арналган, ал региондук кинематографиянын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон.

Программасынын алкагында:

Эл аралык конкурс бөлүмүндө 14 фильм көрсөтүлөт;

Улуттук программада кыргыз режиссерлорунун 15 мыкты кыска метраждуу иштери сунушталат.

Фестиваль көрүүчүлөрдү мыкты кыска метраждуу фильмдер менен тааныштырып гана тим болбостон, жаш кинематографисттерди колдоого, кино көрүү маданиятын өнүктүрүүгө жана өлкөлөр арасындагы маданий байланыштарды бекемдөөгө багытталган.

Иш-чара КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Кинематография департаменти, СНГ мамлекеттеринин катышуучуларынын Эл аралык гуманитардык кызматташтык фонду (МФГС), «Маданий кызматташтык фонду» коомдук фонду, ошондой эле «Кыргызтасмасы» мамлекеттик кинематографиялык борборунун колдоосу менен өткөрүлөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button