Саякаттап жүргөндө ашказанды коргоонун жолу айтылды

Экзотикалык азыктарды колдонуу жана климаттын өзгөрүшү тамак сиңирүү системасында көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу доцент Ольга Сайно билдирди.
Адистин айтымында, чет өлкөгө чыкканда кадимки тамак-аш рационунун өзгөрүшү организмде күтүүсүз реакцияларды жаратышы мүмкүн. Ошондой эле климаттын өзгөрүшү да организмдин ишине таасир берип, ыңгайсыздык жаратат.
«Тамак сиңирүү системасы тамак-аш жана суунун бардык өзгөрүүлөрүнө биринчи болуп реакция кылат», — деп белгиледи ал. Мындан тышкары, Азия, Африка жана Латын Америкасынын айрым аймактарында кран суусу да кооптуу болушу мүмкүн, ошондуктан бөтөлкөдөгү сууну ичүү коопсузураак.
Эксперт сапарга алдын ала даярдануу керектигин баса белгилеп, өзү менен негизги дары-дармектерди алып жүрүүнү сунуштады. Алардын катарына сорбенттер, суу-туз балансын калыбына келтирүүчү регидранттар, ооруну басаңдатуучу спазмолитиктер жана тамак сиңирүүнү жакшыртуучу ферменттер кирет.



