Спорт

Кыргызстандык Иктияр Нишонов Түркияда өткөн бокс боюнча эл аралык турнирде алтын тагынды

Стамбулда Ahmet Cömert Bosphorus International Boxing Tournament мелдеши жыйынтыкталды.

Маалыматка ылайык, Ихтияр 70 кг салмак категориясында күч сынашып, финалдык беттеште Австралиянын өкүлү Уильям Млачичти жеңип, алтын медаль тагынды.

Мушкер турнирди 1/8 финалдан баштап, андан ары Азербайжан, Түркия жана Германиядан келген спортчуларды удаасы менен утуп финалга чыккан.

Тектеш кабарлар

Back to top button