Маданият

Бишкек мэриясы «Вальс кечесине» чакырат

29-апрелде Ала-Тоо аянтында вальс кечеси өтөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул иш-чара бий сүйүүчүлөрүн, классикалык музыканы баалагандарды жана жаздын кооз кечин назиктик менен шыктануунун атмосферасында өткөрүүнү каалаган бардык жарандарды бириктирет.

Маданий иш-чара Бишкек шаарынын күнүн майрамдоонун алкагында уюштурулат.

Вальс кечеси – бул өз өнөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк гана эмес, жандуу музыка, көркөм кыймылдар жана унутулгус сезимдер менен коштолгон чоң шаардык майрамдын бир бөлүгү болууга мыкты шарт.

Кечеге катышууну каалагандар 0312 510 178, 0997 11 08 95 (WhatsApp) байланыш номерлерине кайрылуу зарыл.

Тектеш кабарлар

Back to top button