Жөө басуунун организмге тийгизген таасири

Терапевт Хусейн Ахмаддын айтымында, ылдам басуу эрте өлүм коркунучун 20 пайызга азайтат. Ал жана анын кесиптештери ден соолукка көбүрөөк пайда алуу жолдорун Huffington Post басылмасына айтып беришкен.
Ахмад басканда ылдамдык жетиштүү болушу керектигин белгилеген: адам жылуулукту сезип, дем алуусу бир аз тездеши керек, бирок ошол эле учурда сүйлөшүүнү уланта ала тургандай болушу зарыл.
Терапевт Сюзанна Уайли болсо эңкейиш жерде басууну сунуштайт — мындай кыймыл көбүрөөк булчуңдарды иштетип, түз жерде басууга караганда жүрөктүн кагышын жогорулатат.
Антрополог Арран Дэвистин пикиринде, достор менен чогуу басуу дагы пайдалуураак. Анын айтымында, социалдык колдоо чарчоону кечеңдетүүгө жардам берет.
Ошондой эле Улуу Британиянын Улуттук саламаттык сактоо кызматы күн сайын орточо интенсивдүүлүктөгү 20–30 мүнөт физикалык активдүүлүккө убакыт бөлүүнү сунуштайт.
2023-жылдагы изилдөөгө ылайык, күнүнө жарым сааттан, жумасына беш күн ылдам басуу куракка байланышкан бир катар оорулардын тобокелдигин азайтат. Мисалы, менопаузадан кийинки аялдарда күн сайын 30 мүнөт басуу жамбаш сөөгүнүн сынуу коркунучун 40 пайызга чейин төмөндөтөт



