Маданият

Кыргызстан “Жай-2026” эл аралык туристтик көргөзмөгө катышты

Кыргызстан Екатеринбург шаарындагы Дүйнөлүк соода борборунда өткөн “Жай-2026” эл аралык туристтик көргөзмөгө катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, көргөзмөдө Туризм департаменти тарабынан, Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун колдоосу менен, өлкөнүн туристтик потенциалы тааныштырылды.

Бул жылы Кыргызстан өзүнүн бай маданий мурасын, уникалдуу жаратылыш кооздуктарын, ошондой эле жыл бою туризмди өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады.

Көргөзмөнүн алкагында улуттук стенд уюштурулуп, анда презентациялар өткөрүлдү, ошондой эле маалыматтык-жарнамалык буклеттер жана жол көрсөткүчтөр таратылды.

Көргөзмөгө туристтик бизнестин өкүлдөрү да катышты.

Мындан тышкары, көргөзмөнүн алкагында кыргыз туроператорлорунун байланыштарын түзүүгө жана туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган панелдик сессиялар жана бир катар ишкердик жолугушуулар өткөрүлдү.

Тектеш кабарлар

Back to top button