Коом

Кыргызстанда жумуртка, пияз, күрүч арзандады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 1-апрелде азык-түлүк товарларынын (нан азыктары, картошка, жашылчалар, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кант, жумуртка, өсүмдүк майы жана башка) бааларына салыштырма мониторинг жүргүздү. Ошондой эле коңшу өлкөлөр – Россия Федерациясы жана Казакстан Республикасы менен да салыштырылды.

Мониторингдин жыйынтыгында бааларда өзгөрүүлөр катталды.
Кыргыз Республикасында баалар төмөнкүдөй өзгөрдү: сабиз – 1,4 пайызга, кант – 0,5 пайызга, кой эти – 0,4 пайызга, макарон азыктары (спагетти) – 0,4 пайызга, сары май (түзсүз, майлуулугу 72 пайыздан кем эмес, кошулмасыз жана өсүмдүк майларысыз) – 0,1 пайызга, тазаланган күн карама майы – 0,1 пайызга, пастеризацияланган сүт (майлуулугу 2,5–3,2 пайыз) – 0,1 пайызга жогорулады.

Ал эми жумуртка – 3,3 пайызга, пияз – 2,3 пайызга, күрүч – 0,4 пайызга, уй эти (филе бөлүгүн кошпогондо) – 0,2 пайызга арзандады.

Тектеш кабарлар

Back to top button