Коом

Эл өкүлү мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүү зарылдыгын белгиледи

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Илимбек Кубанычбеков мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүү зарылдыгын белгиледи.

Анын айтымында, коомдо кооптуу тенденция калыптанып жатат — ата-энелер мугалимдерге кол көтөрүп, окуучулар аларды сыйлабай, социалдык тармактарда куугунтук (травля) жүрүүдө.

«Эгер ата-энелер мугалимдерди сыйлабаса, анда аларды мажбурлап сыйлатыш керек. Бул кесипке өзгөчө статус берилиши зарыл, башкача айтканда, ал өзгөчө коргоого алынган болушу керек. Азыр эле мектептерде кадр жетишсиздиги байкалууда, эгер мугалимдерге болгон мындай кемсинтүү мамиле уланса, анда окуу жайларда иштей турган адам калбай калат.
Мугалимдерге кол көтөргөндөрдү — ата-энеби же окуучубу, айырмасы жок — катуу жазалоо керек. Жалпыга маалымдоо каражаттарында мугалим кесибинин кадыр-баркын көтөрүү, ошондой эле социалдык пакетти жакшыртып, айлык маянаны көбөйтүү зарыл. Жаш мугалимдерди ипотекалык турак жай берүү аркылуу колдоо керек», — деди ал.

Эл өкүлү ошондой эле олимпиадаларда жеңишке жетишкен окуучулардын мугалимдерин мамлекеттик сыйлыктар жана акчалай сыйлыктар менен шыктандыруу керектигин кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button