Коом

Баткенде газоблок заводу сапаттуу курулуш материалын чыгарууда

 Баткенде “Мега Газоблок” ишканасы түштүк аймакты сапаттуу курулуш материалы менен камсыздоодо. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн кабарлады.

Анда белгиленгендей, ишкана 18 млн доллар инвестиция салып, заводду өткөн жылдын соңунда пайдаланууга берген. 50гө жакын жумушчу орун түзүлгөн.

Лейлек районунун Булак-Башы айылында жайгашкан аталган ишкананын ишмердүүлүгү менен облус жетекчиси Мамыржан Рахимов таанышты.

Немис технологиясынын негизинде автоклавдык газоблокторду өндүргөн ишкана экологиялык жактан таза жана сапаттуу курулуш материалдарын чыгарууда.

Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 1200 куб метрге чейин жетет. Учурда күн сайын 800 куб метрге жакын продукция өндүрүлүп, Баткен облусу менен катар Ош жана Жалал-Абад облустарына да жеткирилүүдө. Учурда ишкананын кампасында 2,5 миң куб метр даяр продукциянын запасы бар.

Бүгүнкү күндө завод өз продукциясын жеке курулуш компанияларына сатууда. Ал эми алдыда мамлекеттик курулуш объектилерине жеткирүү боюнча келишимдерди түзүү пландалууда.

Облус башчысы заводдун ишмердүүлүгүн кеңейтүү багытында тийиштүү колдоолор уланаарын айтты.

Тектеш кабарлар

Back to top button