Саясат
ЖК Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн санын кыскартууну жактырды

Бүгүн, 8-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун жана «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоорду экинчи окууда карап чыгып, кабыл алышты.
Мыйзам долбоорлорунун демилгечилери – бир катар депутаттар.
Эскерте кетсек, мыйзам долбооруна ылайык, борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны 12ден 8ге чейин кыскартылат. Бул Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин оптималдаштыруу менен байланыштуу. Буга чейин БШК мүчөлөрдүн саны кыскарганы мекеменин ишине таасирин тийгизбейт деп ишендиришкен.



