Дүйнө

NASA Айдын аркы бетинин жаңы сүрөттөрүн жарыялады

АКШнын NASA (Улуттук аэронавтика жана космосту изилдөө башкармалыгы) «Артемида II» миссиясынын экипажы Айдын арткы тарабын айланып учуп жатканда тарткан алгачкы сүрөттөрдү жарыялады.

Айды айланып өтүү жети саатка созулган. Орион космостук кемеси Айдын бетинен болжол менен 6400 чакырым бийиктикте учкан. Астронавттар Жерден 406 771 чакырым алыстыкка чейин жетип, жаңы рекорд коюшкан.

Айдын арткы тарабынын үстүнөн учуп өтүп бара жатып, экипаж Айдын бетинин сүрөттөрүн тартып, ошондой эле «Жердин батышына» — Жер Айдын горизонтунун артына кирип кеткен учурга — күбө болушкан. Мындан тышкары, «Жердин чыгышын» да көрүшкөн, башкача айтканда, кеме Айдын экинчи тарабынан чыкканда Жер кайра көрүнгөн.

Астронавттар ошондой эле дээрлик бир саатка созулган күн тутулууну байкашкан. Бул учурда космостук кеме, Ай жана Күн бир сызыкка тизилген.

Тектеш кабарлар

Back to top button