Коом

Транспорт департаменти 3 айда бюджетке 70 млн сомго жакын каражат түшүрдү

Транспорт департаменти айып бузуулардан 3 айда бюджетке 69,3 млн сом түшүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, отчеттук мезгил ичинде транспорттук көзөмөл пункттарында жана станциялык объектилерде жүргүнчү жана жүк ташуучу жалпы 189 миң 396 автоунаа текшерүүдөн өткөрүлгөн.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында транспорт мыйзамдарын бузуу боюнча 2 миң 609 протокол түзүлүп, жалпысынан 3 млн 562 миң 500 сом айып пул салынган.
Анын ичинде:

-салмак-габариттик ченемдерди сактабагандыгы үчүн 998 протокол түзүлүп, 17 млн 465 миң сом айып пул салынган;

-эл аралык жүк ташуу эрежелерин бузгандыгы үчүн 143 протокол түзүлүп, 2 млн 860 миң сом айып каралган.

Мындан тышкары, кошумча түшүүлөр да камсыздалган. Тактап айтканда:

-салмак-габариттик көзөмөлдөн — 2 млн 557 миң 635 сом;

-ири көлөмдүү жана оор жүктөрдү ташууга уруксат берүүдөн — 36 млн 791 миң 392 сом;

-көп жолку атайын уруксаттардан — 1 млн 114 миң 281 сом түшкөн.

Жыйынтыгында транспорттук көзөмөлдүн негизинде мамлекеттик бюджетке жалпы 69 млн 313 миң 151 сом каражат түшүрүлгөн.

Белгилей кетсек, Транспорт департаменти учурда 21 көзөмөл пунктунда салмак-габариттик текшерүүлөрдү жүргүзүп келет. Ошондой эле мобилдик топтор аркылуу да көзөмөл иштери улантылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button