Коом

Өзбекстандын түрмөлөрүндө 55 кыргызстандык жаза өтөөдө

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Максатбек Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, алардын тогузунун документтери буга чейин даярдалып, Өзбекстан тарапка жөнөтүлгөн. Учурда Башкы прокуратура республика боюнча материалдарды чогултууну улантууда. Андан кийин иштер Өзбекстандын аймагында соттук тартипте каралат.

Башкы прокурор бул процесс бир катар процедураларга байланыштуу узакка созулуп жатканын белгиледи.

Эске салсак, 2025-жылы Кыргызстанда эл аралык кызматташуу алкагында 80 экстрадициялык өтүнүч канааттандырылган. Натыйжада издөөдө жүргөн жарандар өлкөгө кайтарылган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын отчетунда айтылат.

Жалпысынан чет мамлекеттерге 143 өтүнүч жөнөтүлүп, анын негизинде Кыргызстанга 80 адам жеткирилген. Алардын ичинен 58и Россиядан, 17си Казакстандан, ошондой эле Вьетнам, Өзбекстан, Армения жана Грузиядан алып келинген.

Тектеш кабарлар

Back to top button