Без рубрики

Өспүрүмдөр арасында эң көп катталган кылмыш

Өспүрүмдөр арасында эң көп катталган кылмыш — телефон уурдоо. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат Нуржамал Төрөбекова 2025-жылы балдар арасындагы кылмыштар 10 пайызга өскөнүн белгилеп, прокуратуранын алдын алуу чаралары тууралуу сурады.

Асаналиев өспүрүмдөр эң көп телефон уурдоого барарын, мындай кылмыштардын көбү Бишкек шаарында, Жалал-Абад, Чүй облустарында катталганын айтты.

Башкы көзөмөл органынын жетекчисинин билдирүүсү боюнча:

-кылмыш жоопкерчилиги 14 жаштан башталат;

-кылмыштардын себептери негизинен социалдык-экономикалык жагдайларга байланыштуу болот.

Миграцияда жүргөн ата-энелер балдарга туура тарбия бере албай калууда. Ошондой эле балдарга соцтармактар чоң таасир тийгизет.

Белгилей кетсек, эл өкүлдөрү 2025-жылга карата өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө Башкы прокуратуранын отчетун угушту.

Тектеш кабарлар

Back to top button