Коом

Баткендин башчысы кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Лейлек районундагы чек араны тосуу иштеринин жүрүшүнөн кабар алды. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, чек арага зым тартуу иштери учурда Баткен районунун Самаркандек айылынын Сары-Таш жерлигинде жана Лейлек районунун Ак-Арык айылында жүрүүдө.

Облус башчысы жергиликтүү жетекчилерге демаркация жумуштарына көмөк көрсөтүү, калктуу конуштарга зым тартуу иштеринин жүрүшүндө жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, бак дарактардан,турак жайлардан тазалоо иштерине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Белгилей кетсек, чек араны тосуу иштери быйылкы жылдын эсебинен, 2026–жылдын 1-мартынан башталып, бүгүнкү күнгө карата Лейлек районунда 26,08км аралыкка зым тосмолор тартылды.
Баткен району- 18,5 км тартылды.
Жалпы Баткен облусу боюнча 44.58 км аралыкка жетти.

Белгилей кетсек, 2025-жылы чек араны инженердик тосуу иштери дээрлик 150 чакырым аралыкта аткарылган. Ал эми 2026-жылы облуста 200 чакырым чек ара тилкесин тосуу пландалууда. Анын ичинен Баткен району боюнча 65 чакырым, Лейлек району боюнча 135 чакырым тосулат.

Тектеш кабарлар

Back to top button