Бишкекте күн сайын 1,3 миң автобус линияга чыгат

Бишкекте калкты тейлөө үчүн күн сайын 1,2–1,3 миң муниципалдык автобус линияга чыгат. Бул тууралуу «Биринчи радио» эфиринде №2 автопарктын башкы инженери Артур Өмүрзаков билдирди.
Анын айтымында, жалпы 1472 даана автобус ишке жарактуу абалда.
«Бирок автобустарды техникалык жактан жакшы абалда кармоо үчүн техникалык тейлөө нормалары бар экенин унутпаш керек. Ошондуктан айрым автобустар жөн эле токтоп турган жок, алар техникалык тейлөөдөн өтүп жатат — майы алмаштырылып, керектүү тетиктери жаңыланууда. Бардык запастык бөлүктөр жетиштүү», — деди Артур Омурзаков.
Ал айдоочулар арасында кетүүчүлөр бар экенин, бирок ошол эле учурда жаңы келгендер да бар экенин кошумчалап, «жалпы жетишсиздик жок» экенин белгиледи.
Жол тыгынынан улам автобустардын ортосундагы аралык көбөйүп жатканы жана
акыркы үч жылда Бишкек шаары 1,8 миңден ашык коомдук транспорт алгандыгы да айтылды.



