Коом

Жал кичи районунд 6-кабаттан кулаган наристенин абалы туруктуу оор бойдон калууда

Бишкектин Жал кичи районунда 6-кабаттан кулап, №3 Шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасында дарыланып жаткан кыздын абалы туруктуу оор бойдон калууда. Бул тууралуу  аталган ооруканадан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда бейтаптын абалы туруктуу оор бойдон калып, жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Күн мурун кыздын башы компьютердик томографиядан өткөрүлгөн. Колуна операция жасалышы зарыл. Бирок, наристе өзүнө келмейинче, аны жасоо мүмкүн эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин бейтапта баш мээсинин жабыркашы, астыңкы жаактын сыныгы, оң колдун ийин сөөгүнүн жабык жылышып кеткен сыныгы, өпкөнүн жана ички органдардын жабыркашы, ошондой эле ооз көңдөйүнүн жабыркаган жаракаттары аныкталган.

5-апрелде саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов кыздан кабар алган. Анын катышуусунда профилдик адистердин, анын ичинде нейрохирургдардын, травматологдордун, жаак-бет жана көкүрөк хирургдарынын катышуусунда консилиум өткөрүлгөн.

Эске салсак, 4-апрелде Жал кичи районунда аял эки кызы менен 6-кабаттан кулаган. Алган жаракаттарынан улам эне дароо, ал эми бир кызы ооруканада каза тапкан. Ал эми 2022-жылы туулган кызы оор абалда Шаардык тез медициналык жардам клиникалык балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Буга байланыштуу тергөө иштери башталып, кылмыш иши козголгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button