Окуялар
Ошто чек ара кызматтынын келишимдик кызматтагы аскер кызматкери өзүнө кол салды

Ош облусундагы Мамлекеттик чек ара кызматтынын бөлүмүндө 7-апрелде келишимдик кызматтагы аскер кызматкери өзүнө кол салган. Бул тууралуу бүгүн Чек ара кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, 2004-жылы туулган И. уулу А. аттуу аскер кызматкери АК-74 автоматын колдонуп башына ок аткан. Окуядан кийин ага операция жасалып, абалы оор деп бааланууда.
Маалым болгондой, ал окуя болгон учурда кызматтык куралын көтөрүп жүргөн. Көзөмөл органы окуянын себептери аскердик кызматка байланыштуу эмес экенин баса белгиледи.
Бул окуя тууралуу укук коргоо органдарына кабар берилди.
Окуя боюнча кызматтык иликтөө дайындалган, бардык жагдайлар жана себептер аныкталууда.



