Коом

Автосервис тармагын өнүктүрүү боюнча келишим түзүлдү

Бүгүн, 8-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО «Чуань И») компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагында инвестициялык кызматташуунун келечегин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле комплекстүү сервистик инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Компаниянын өкүлдөрү өз ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар менен бөлүшүп, алдыңкы кытай жана эл аралык бренддердин автоунааларын жеткирүүнү камсыз кыларын жана техникалык тейлөө, финансылык коштоо, каттоо жана транспорт каражаттарын камсыздандырууну камтыган «ачкычка тапшыруу» форматындагы кызматтардын толук спектрин сунуш кыларын белгилешти.

Равшанбек Сабиров унаа секторуна инвестицияларды тартуунун маанилүүлүгүн белгилеп, мындай долбоорлор рыноктун өнүгүшүнө, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөрүн айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришип, өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү багыттарын кошумча иштеп чыгууга макулдашышты жана өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Тектеш кабарлар

Back to top button