Коом

Москва облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, андан ок атуучу курал алынды

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдирди.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жана ыкчам маалымат алмашуунун жыйынтыгында Москва облусунун Люберцы шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон 1986-жылы туулган А.У. аттуу жаран кармалган.

Кармалган жаран мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Ыкчам маалыматтарга ылайык, ал кылмыш дүйнөсүндө жогорку макамга ээ болгон.

Мындан тышкары, ал Россия Федерациясынын аймагында жашаган этникалык кыргыз ишкерлеринен акча талап кылуу менен байланышкан мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар экени маалым болгон.

Жеке текшерүүнүн жүрүшүндө кармалган жарандан ТТ үлгүсүндөгү тапанча жана ага тиешелүү 8 даана ок табылып, алынган.

Бул факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (куралды, анын негизги бөлүктөрүн жана ок-дарыларды мыйзамсыз алуу, өткөрүп берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаранга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынган.

Тектеш кабарлар

Back to top button