Коом

Алкоголь ичимдиктеринин мээге тийгизген таасири

Алкоголь ичкенде адамдын маанайына жана жүрүм-турумуна жооп берген системалардын тең салмактуулугу бузулат. Бул тууралуу нейрофармаколог Райян Зафар The Guardian гезитине берген маегинде айтып берген.

Адистин айтымында, алкоголь мээге комплекстүү таасир этет: ар түрдүү нейромедиаторлорго таасир берип, адамдын жүрүм-турумун өзгөртөт. Ал өзүн-өзү көзөмөлдөөнү азайтып, ошол эле учурда эс алууну жана ырахат алууну күчөтөт — дал ушул себептен алкоголь кеңири колдонулат.
Бирок мындай өзгөрүүлөр организмге албетте таасирин берет.

«Алкоголь ичегинин өткөрүмдүүлүгүн жогорулатып, сезгенүүнү пайда кылышы мүмкүн, бул болсо маанайга жана ой жүгүртүүгө таасир этет», — деп белгилеген Зафар. Бул «ичеги — мээ» байланышынын бузулушу жана химиялык процесстердин убактылуу тең салмаксыздыгы менен байланыштуу.
Мындан тышкары, алкоголь кортизол гормонунун деңгээлин жогорулатат. Адистин кошумчалаганына караганда, спирт ичимдиктерин дайыма колдонуу тынчсызданууну күчөтүп, уйкуну бузуп, жалпы ден соолукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Ошондуктан алкогольдун организмге кандай таасир этерин түшүнүү — аны аң-сезимдүү түрдө көзөмөлдөө, ден соолукка болгон коркунучтарды азайтууга жардам берет.

Тектеш кабарлар

Back to top button