Дүйнө
Казакстан 7-9-майдагы аскердик парадды бул жылы да өткөрбөйт

Быйыл Казахстанда Ата Мекенди коргоочулар күнү жана Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад өткөрүлбөйт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.
«2026-жылы аскердик парад болбойт. Анын ордуна аскердик-патриоттук иш-чаралар өткөрүлөт», — деп маалымдады министрлик.
Белгилей кетсек, Казахстанда 7-майдагы аскердик парад 2019-жылдан бери өткөрүлбөй келген, ал эми 9-майдагы майрам 2020-жылдан бери — алгач пандемиядан улам, кийин бюджетти үнөмдөө максатында токтотулган. Бирок өткөн жылы Астана шаарында Ата Мекенди коргоочулар күнү жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата чоң масштабдагы аскердик парад өткөн.



