Коом
Бишкекте көрүстөндөргө видеобайкоо камераларын орнотуу пландалууда

Бишкек шаарынын көрүстөндөрүнө видеобайкоо камераларын орнотуу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында «Бишкек ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттиги» муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Кубат Курамаев билдирди.
Анын айтымында, камераларды орнотуу иштери быйыл башталат. Атайын техникаларды сатып алуу үчүн тиешелүү тендер жарыяланат.
Ишкананын пландарында экскаватор, самосвал, суу ташуучу унаа сатып алуу да бар.
«Бишкек ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттиги» көрүстөн үчүн жер тилкелерине уруксат берүүчү документтерди алууну да пландаштырууда.



