Коом

Баткен облусунун башчысы Раззаков жана Максат айылдарына көчүрүлгөн тургундар менен жолукту

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Лейлек районундагы Раззаков жана Максат айылдарына көчүрүлгөн тургундар менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, чек ара аймактарынан көчүрүлгөн жарандар үчүн мамлекет тарабынан Раззаков айылына — 60, ал эми Максат айылына 16 үй курулуп, пайдаланууга берилген.

Облус башчысы жаңы конуштардагы инфраструктуралык иштердин жүрүшү тууралуу маалымат алды.

Учурда Раззаков айылында сметалык баасы 82 млн сомду түзгөн 75 орундуу бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Сугат суу системасы да тартылууда.

Мындан тышкары, облус жетекчиси жакынкы убакта айылга фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) куруларын, бул боюнча инвесторлор менен макулдашуу жетишилгенин билдирди. Ошондой эле кичи футбол аянтчасын куруу да пландалууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button