Коом

Президент Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаев жолугушту

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев президент Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

Анын айтымында, жолугушуунун жүрүшүндө алар анын «Династия, металл, ат» аттуу эмгегиндеги идеяларды талкуулашты. Бул эмгек Евразия көчмөндөрүнүн тарыхый жана институционалдык өзгөчөлүктөрүнө арналган. Тактап айтканда, коомдун генеалогиялык түзүлүшү, металлга негизделген технологиялык өнүгүү жана атты колдонуу менен камсыздалган мобилдүүлүк сыяктуу факторлор каралды.

Ошондой эле бийликтин жана лидерликтин табияты тууралуу маселелер талкууланды. Көчмөн коомдо бийлик доминанттык механизм гана болбостон, жоопкерчиликке, легитимдүүлүккө жана коомдук макулдашууга негизделген институт катары калыптанганы белгиленди.

Текебаев белгилегендей, мындай талкуулар тарыхый өткөндү түшүнүү менен келечектеги мамлекетти түзүүнүн ортосунда тыгыз байланыш бар экенин көрсөтөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button