Спорт

Азия чемпионаты: Мээрим Жуманазарова финалга чыкты

8-апрелде Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова финалга чыкты.

Ал 68 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, мелдешти чейрек финалдан баштады. Алгачкы беттешинде кыргызстандык балбан Вьетнамдын өкүлүн 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Жарым финалда Кытайдын спортсменин курч жана чыңалган кармашта утуп, финалга жолдомо алды.

Ал эми чечүүчү финалдык баскычта дүйнөлүк рейтингдин лидери — Япониянын өкүлү, Азия жана дүйнө чемпиону (65 кг) Мива Морикава менен беттешет.

Финалдык беттеш 9-апрелде саат 18:00дө башталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button