Коом
Тогуз-Тородо 6 миң алма көчөтү элге акысыз таратылды

Тогуз-Торо райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан Бирдик айылына 6 миң даана алма көчөтү акысыз таратылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чара президент Садыр Жапаровдун “Бир айыл — бир продукт” улуттук экономикалык долбоору” жарлыгынын алкагында уюштурулду. Анда крипсон, симиренко, голден делишес, столовка, белый налив, ред чиф сорттору берилди.
Долбоор БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюму (ФАО) тарабынан каржыланып, айыл тургундары үчүн бак-дарактарды көбөйтүү, кошумча киреше булактарын түзүү жана экологияны жакшыртууга олуттуу салым кошот.



