Коом
Президент аракетке жөндөмсүз жарандарды коргоону күчөткөн мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров Жарандык кодекске жана Жарандык процесстик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 26-февралында кабыл алынган.
Белгиленгендей, мыйзамдын негизги максаты — аракетке жөндөмсүз деп табылган жарандардын укуктарын коргоону күчөтүү. Тактап айтканда, алардын өз укуктарын коргоого катышуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилет.
Мындан тышкары, аракетке жөндөмдүүлүктү калыбына келтирүү жол-жобосу жөнөкөйлөтүлөт. Өзгөртүүлөр мындай жарандардын кызыкчылыктарын коргоонун адилеттүү жана жеткиликтүү механизмин камсыз кылууга багытталган.
Мыйзам расмий жарыялангандан кийин белгиленген тартипте күчүнө кирет.



