Коом
Нарын дарыясына түшүп кеткен баланы издөө уланууда

Аксы районундагы Кум айылында Нарын дарыясына түшүп кеткен жаш баланын сөөгүн издөө улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, бүгүн издөө иштерине Аксы райондук өрт-куткаруу бөлүгүнөн 12 куткаруучу, республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 5 куткаруучу (суучулдар), ИИМден 3 кызматкер, Чек ара кызматынан жана жергиликтүү тургундардан ондон адам, жалпы 40 адам жана 2 кайык тартылды.
Эске салсак, 5-апрелде 2018-жылы туулган К.И. аттуу бала Нарын дарыясына түшүп кеткен. Издөө иштери үзгүлтүксүз улантылууда.



