Дүйнө

Россия жана Украина Пасханын урматына убактылуу элдешүү жарыялады

Россиянын президенти Владимир Путин 11-апрелде саат 16:00дөн 12-апрелдин күн аягына чейин «пасхалык жарашуу» жарыялаганын Кремль 9-апрелде билдирди.

Путин Россиянын аскерлерине «бардык багыттар боюнча согуш аракеттерин токтотууну» тапшырды. Ошол эле учурда аскерлер «каршылаш тараптын мүмкүн болгон провокацияларына жана агрессивдүү аракеттерине каршы даяр турушу керек» экени белгиленди.

Зеленский Путиндин чечимине жооп кылып, Украина Куралдуу күчтөрү да Пасха учурунда ок атууну токтоторун билдирди. Анын айтымында, Украина буга чейин эле мындай кадамга даяр экенин билдирген.

Эске салсак, 2025-жылы да Путин Пасха маалында бир тараптуу түрдө 1,5 күнгө согуш аракеттерин токтотууну жарыялаган. Ошол учурда тараптар бири-бирин келишимди бузду деп айыпташкан, бирок жалпы алганда согуш аракеттеринин интенсивдүүлүгү төмөндөгөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button