КоомОкуялар

УКМК чет элдик өнөктөштөр менен террористтик уюмдун идеологиясын жактаган издөөдө жүргөн жаранды кармады — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК терроризмге каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында чет мамлекеттин аймагындагы чет элдик өнөктөштөр менен биргеликте мурда экстремисттик ишмердүүлүк үчүн эл аралык издөөдө жүргөн А.Т. аттуу жаран кармалып, Кыргыз Республикасына жеткирилди.

Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, түштүк борбордун 37 жаштагы тургуну социалдык тармактар жана мобилдик тиркемелер аркылуу сот тарабынан экстремисттик деп таанылган материалдарды активдүү таркатып, ошондой эле тыюу салынган уюмдардын радикалдуу идеологиясын жайылтуу менен алектенген. Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди, учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ушул контекстте УКМК терроризмди үгүттөө — бул сөз эркиндиги эмес, кылмыш экенин баса белгилейт.

Мындан улам УКМК жарандарды сак болууга, диний билимди ишенимдүү булактардан гана алууга үндөйт, ошондо гана радикалдуу үгүтчүлөрдүн жана террористтик, экстремисттик уюмдардын жалдоочуларынын торуна түшүп калуудан сактанууга болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button