Окуялар
Сүлүктүдөгү шахтада кенчи уранды алдында калып каза тапты

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы «Кара Садак» шахтасында 40 жаштагы кенчи уранды басып калып набыт болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 27-апрелде уранды түшүп, издөө иштерин жүргүзүшкөнүн, ага 19 куткаруучу тартылганын билдирди. Маркумдун сөөгүн урандынын астынан казып чыгарышып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.



