Саясат
Кыргызстанга Сейшел аралдарынын тышкы иштер министри келет

Кыргызстанга Сейшел аралдарынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фор расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сапар Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 3-майдан 6-майга чейин өтөт.
Сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги жолугушуулар пландалууда. Анда Кыргыз Республикасы менен Сейшел аралдары ортосундагы эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланат.



