Коом
Ички иштер министри Улан Ниязбеков Ысык-Көлдө туристтик мезгил алдында милициянын ишин текшерди

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков туристтик мезгил алдында Ысык-Көл облусундагы милиция кызматкерлеринин ишин текшерди.

Иш сапарынын жүрүшүндө министр ыкчам абал менен таанышып, кызмат өтөөнүн уюштурулушун, ошондой эле туристтердин жана жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чараларды карап чыкты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Улан Ниязбеков коомдук тартипти камсыздоо, жол коопсуздугун күчөтүү жана жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтаруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.



