Коом

Медициналык калдыктарды атайын муздаткычы бар унаалар ташыйт

Бүгүн Бишкекте баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдарга медициналык калдыктарды коопсуз ташуу үчүн 10 даана адистештирилген автотранспорт тапшырылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, сатып алынган FOTON үлгүсүндөгү унаалар биологиялык коопсуздуктун заманбап талаптарына жооп берет. Алар герметикалык кузов, муздаткыч жабдуу, гидравликалык көтөргүч, контейнерлерди коопсуз бекитүү тутуму жана ички дезинфекциялоо тутуму менен жабдылган. Ошондой эле унааларда «Медициналык калдыктар» деген атайын эскертүү белгилери бар.

Тапшыруу аземине катышкан министр Дамир Осмонов Медициналык калдыктарды коопсуз башкаруу бул жөн гана техникалык маселе эмес, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук, инфекциялардын алдын алуу жана эл алдындагы жоопкерчилик маселеси экенин белгиледи. Бул унаалар аймактарда калдыктарды ташуу тутумунун натыйжалуулугун кыйла жогорулатат.

Адистештирилген автотранспорттор Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы медициналык калдыктарды чогултуу боюнча аймактык борбор катары аныкталган 10 саламаттык сактоо мекемесине бөлүштүрүлүп берилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button