Коом

Бишкекте эртең айрым аймактарда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 9-июлунда Бишкек шаарынын айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ошол күнү саат 09:00дөн 10-июлга караган түнкү саат 03:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик, өндүрүш объекттеринде суу берүү токтотулат.

Суу өчүрүлө турган аймактар:

  • Алма-Ата көчөсү;
  • Чыгыш- 5 кичи району;
  • Абдрахманов көчөсү;
  • Элебесов көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейинки аймак;
  • Чоң Чүй каналы жана Бакай-Ата көчөсү;
  • Лебединовка айылы (Киров көчөсү боюнча ЧЧКдан Калинин көчөсүнө чейин);
  • Луганская, Лермонтов, Ж. Баатыр көчөлөрү жана “Мадина“ базары.

”Суунун өчүрүлүшү диаметри 500 мм болгон эки шаардык суу түтүгүндөгү авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button