Кыргызстан күйүүчү май боюнча Өзбекстан, Беларусь жана Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдарды (ГСМ) камсыздоо боюнча бир катар өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
Анын айтымында, күйүүчү май маселеси Кыргызстанда эле эмес, аны өндүргөн өлкөлөрдө да байкалууда. Кыргызстан күйүүчү майды толугу менен импорттогондуктан, бул маселе өлкө үчүн өзгөчө маанилүү.
Министрдин маалыматына ылайык, Өзбекстан менен өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр өтүп, учурда иштер министрликтер деңгээлинде уланууда. Ошондой эле ар кандай камсыздоо жолдору каралып жатат.
Мындан тышкары, Беларусь да күйүүчү май жеткирүүгө макулдугун берген. Ташуу Россия аркылуу транзит менен жүргүзүлөрү күтүлүүдө.
Ошондой эле Кытай менен да сүйлөшүүлөр болуп, кыргыз тарап жөнөткөн көлөмдөр боюнча оң жооп алынганы айтылды. Учурда жеткирүүгө байланышкан жол-жоболор такталууда.
Буга чейин Россияда күйүүчү майды экспорттоого убактылуу тыюу салынган. Ал эми Казакстан күйүүчү майдын мыйзамсыз чыгарылышын алдын алуу максатында өлкөгө автоунаалардын киришине суткасына бир жолу деген чектөө киргизген.



