УКМК, ТИМ жана ИИМ чет элдик эмгек мигранттары үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги өлкөдө эмгектенип жаткан чет элдик эмгек мигранттары арасында профилактикалык иш-чараларды өткөрүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө чет элдик жарандарга Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарынын талаптары, өлкөдө болуу жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү тартиби, ошондой эле алардын укуктары менен милдеттери тууралуу кеңири маалымат берилди.
Ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдарын так сактоо, өлкөнүн каада-салтын жана маданиятын урматтоо, коомдук тартипти жана жол кыймылынын эрежелерин сактоо, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда тиешелүү мамлекеттик органдарга өз убагында кайрылуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.



