«Манас» аэропортуна кирүүчү жаңы жол ачылды

«Кыргызстан аэропорттору» ААК «Манас» эл аралык аэропортун жаңылоо боюнча ири долбоорду ишке ашырууну улантууда. Реконструкциянын алкагында аэропорттун терминалына алып баруучу жаңы кирүү жолунун бир бөлүгү пайдаланууга берилди.
Компаниянын маалыматына ылайык, негизги кирүү жолу оңдолуп жаткандыктан, автотранспорттун кыймылы убактылуу Васильевский тракт тараптагы жолдун сол тилкеси аркылуу аэропортту көздөй да, шаар тарапка да уюштурулду. Бул курулуш иштерин коопсуз жана үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн жасалды.
Ошондой эле көп кабаттуу жаңы унаа токтотуучу жайдын жанынан өткөн жаңы кирүү жолу ачылып, жүргүнчүлөрдүн жаңы унаа токтотуучу аймактарга ыңгайлуу жетүүсү камсыздалды.
Азыркы тапта төмөнкүлөр пайдаланууга берилди:
жүргүнчүлөр үчүн жаңы ачык унаа токтотуучу жайлар;
кызматтык унаалар үчүн өзүнчө токтотмо;
таксилер жана автобустар үчүн өзүнчө унаа токтотуучу аймактар.
Кийинки этапта курулуш жана инженердик иштер аяктап жаткан заманбап беш кабаттуу жабык паркинг пайдаланууга берилет.
Мындан тышкары, паркинг менен аэровокзал комплексин бириктире турган жабык аба өткөөлүнүн курулушу уланууда. Долбоор аяктагандан кийин жүргүнчүлөр паркингден терминалга сыртка чыкпай эле ыңгайлуу жана коопсуз өтө алышат.



