Непалда сел жана жер көчкүдөн 31 адам каза болуп, дээрлик 400 адам дайынсыз болууда

Непал менен Кытайдын чек арасында күтүүсүздөн болгон катуу сел жана жер көчкү калктуу конуштарды, жолдорду, көпүрөлөрдү жана гидроэнергетикалык объектилерди кыйратты.
Непалдын Багмати провинциясынын полициясынын маалыматына караганда, каза болгондордун саны 31 адамга жетип, дээрлик 400 адам дайынсыз болууда.
Табигый кырсык Непалдын Расува районундагы Бхоте-Коси дарыясынын боюндагы Сьяпру-Беси жана Тимуре аймактарында болгон. Селдин агымы имараттарды, унааларды жана көпүрөлөрдү агызып кеткен.
Кытай тарапта да жабыркагандар жана дайынсыз жоголгондор бар экени кабарланууда. Кырсык Тибет автоном районунун Гьиронг уездинде болуп, жер көчкү Гьиронг чек ара өткөрмө пунктуна түшкөн. Бирок Тибеттеги курмандыктар боюнча расмий маалымат азырынча жарыялана элек.
Непалдын Туризм башкармалыгынын маалыматына ылайык, 384 саякатчынын жүргөн жери белгисиз. Алардын 291и чет элдик туристтер, анын ичинде 105и Индиянын жарандары.
Мындан тышкары, Расува муниципалитетинде курулуп жаткан 20 МВт кубаттуулуктагы Лангтанг-Кхола ГЭСинин 60 кызматкери дайынсыз болууда.
Алдын ала маалымат боюнча, сел Тибеттеги мөңгү алдындагы көлдүн жарылып кетишинен улам пайда болушу мүмкүн. Ошондой эле муз-таш көчкү дарыяны тосуп, кийин табигый бөгөттүн жарылышы себеп болгон деген версия да каралууда.
Сел жолдорго, көпүрөлөргө, байланыш жана электр тармактарына зыян келтирди. Непалдын Энергетика министрлигинин баамында, жалпы кубаттуулугу болжол менен 430 МВт болгон гидроэнергетикалык объектилер жабыркаган.
Непалдын премьер-министри кооптуу аймактардын тургундарын бийик жерлерге эвакуациялоону тапшырды. Бийлик обочолонуп калган аймактарга жол ачылгандан кийин каза болгондордун жана дайынсыз жоголгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин эскертүүдө.



