Коом
Улуттук банк жыл башынан бери 12-интервенциясын өткөрдү

Улуттук банк кечээ валюта рыногуна интервенция жасап, 207,6 миллион доллар сатты. Учурда АКШ долларынын орточо курсу өзгөргөн жок, бир доллар 87,8 сомдон сатылууда.
Жыл башынан бери Улуттук банк валюта рыногунда жалпысынан 2 миллиард 79 миллион доллар саткан. Бул көрсөткүч өткөн жылдын бүтүндөй жыйынтыгынан да кыйла көп. 2025-жылы башкы банк 853 миллион доллар саткан.
Адатта Улуттук банк долларды курстун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө же рыноктогу чет элдик валютанын тартыштыгын толуктоо үчүн сатат.



