Коом
Кыргызстанда акы төлөнүүчү жолдор курулат
Кыргызстанда биринчи жолу акы төлөп жүрүүчү Токмок — Бишкек — Чалдовар жолун куруу боюнча долбоор иштелип жатат.
Бул туурасында КР Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлады.
Бул долбоор инвестор табылганда ишке ашат. Кеп мамлекеттик-жеке долбоор тууралуу болуп жатат.
Токмок — Бишкек — Чалдовар трассасы темир жолду бойлой жайгашкандыктан, «Кыргыз темир жолунун» объектилерин сатып алуу керек. Ошондуктан баасы болжол менен 300-500 миллион долларды түзөт. Бул акы төлөнүүчү жол болот.
Бир жарым жыл мурда Транспорт жана жолдор министрлиги акы төлөп жүрүүчү Бишкек — Кара-Балта — Чалдовар унаа жолуна инвесторлор изделип жатканын кабарлаган эле.
Abal.kg