Памирлик кыргыздар окуганды үйрөнө башташты

Алай районунун Сары-Могол айлына Памирден көчүрүлүп келген кыргыздар үч класска бөлүнүп, окуп жатышат.
7-17 жаш, 17-45 жаш курагындагылар жана аялдар үчүн өзүнчө класс ачылган. Алар үчүн атайын эки мугалим бөлүнгөн. Памирликтерди окутуу мектептин эски имаратында жүрүп жатат.
Памирлик боордошторго Алайдын акими үч, губернатор жети телевизор тартуулаган. Ар бир үйгө нан бышыруучу меш орнотуп беришкен. Памирликтердин бирөө компьютерде иштешти билет экен. Жазга жуук аларды компьютер жана Интернет менен камсыз кылып, калгандарына да үйрөтүлөт. Мурда Нарында окуп келген үч бала айылдагы мектепте 6-класста окуп жатканын кабарлады өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова.
Памирден көчүрүлүп келген кыргыздарга башка райондордун жетекчилери да түрдүү колдоо көрсөтүшүүдө. Жакында Ноокат районунун атынан 100 миң сомдук жардам жеткирилди. Эмки айда Өзгөн районунун жардамы күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, 2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген. Аларга өкмөттөн турак жай курууга 1,2 гектар жер жана 10 млн. сом бөлүнгөн. Ал эми 2017-жылы Ооганстандан Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканаларга жайгаштырылган.
Abal.kg