Коом

Өрнөктүү өмүргө аттануучу улуу жол

Кыргызстан майыптар ассоциациясынын президенти Мамбетакунов Калык Барктабасович, 1952-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы, Чоң-Кызыл-Суу айылында туулган. Коомдук ишмер.

Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнүн эмгек сиңирген кызматкери «Даңк», “Манас” ордендери менен сыйланган.
Калык Барктабасович менен басып өткөн татаал жолу тууралуу кенен маек куруп, азыркы жаштарга үлгү көрсөтө турган жашоосун уктук.

-Мен мугалимдин үй-бүлөсүндө туулгам. Апам Майраш балдарын карап, үйдө, колхоздо иштеген. Атам Каракол шаарында  мугалимдер институтун аяктаган. Атам окуу жайды аяктап, мугалим болуп иштеп жүрүп, апам экөө таанышып, баш кошушкан экен. Алар 3-4 балалуу болуп калганда мугалимдердин айлыгы ошол кезде эле аз болгондуктан балдарын багууга, жашоого жетпей калса керек. Мен балдардын улуусумун, менден кийин жети кыз бар. Колхоздо  кадрлар жок болгондуктан атамды комплекстик бригадага бригадир кылып койгон экен. Булар эми талаа жумуштун барын карашар эле. Кийин институтту аяктап, даяр адистер зоотехник, агроном, ветврач келе баштаганда атам жумуштан бошонуптур, себеби билимдүү кишилер келе баштаптыр. Ошол кезде айылга атайын адистер келди деп, атам мугалимдикке барбай, Победа деген колхозго жылкычы болуп кеткен экен. Мугалимдикке барайын десе айлык аз, балдарды багыш керек. Үй-бүлөдө жалгыз уул болгондукан атамдын жылкыларына жардам берчүмүн. 1968-жылы жайкы каникулда Жайдак-Төр деген жерге жайлоого бардык, жылкылар менен. Карагай, арча, токой, суулары бар. Ошол жылы менин тагдырым өзгөрдү десем болот.

Тагдырдын татаал бурулушу…

Жайлоодо саан жылкылар боз үйдун жанында байланчу. Желеде 10-15 кулундуу бээлер болчу. Туубай калган байталдарды алыс, мөңгүгө жакын жайлоого жайылтып жиберчү. Аларды анда-санда барып санап, толуктап келчүбүз. Ал жакта чөп жакшы, суу жетиштүү, малдын семириши үчүн туз калтырып кетчүбүз. Ошол иштерди атама жардам катары мен жасачумун. Ал жакка баруу 4-5 сааттык убакытты алчу.

Ошол 1968-жылы августтун орто чечинде субай жылкыларды караганы кеттим. Минген атыма мүшөккө туз жүктөп беришти. Күн ачык болгондуктан жеңил эле кийинип алгам. Барып жүргөн жерим, жасап жүргөн ишим. Ал жерде бир ат баткандай корум таштуу жол бар, андан этияттап өтүш керек. Катуу өткөнгө болбойт. Ал жерге барып, жылкыларды карасам семириптир, жакшы оттоп жүрүшүптүр. Тузду чачып, аларды түгөлдөгөндөн кийин жол жүрүп чарчадымбы же балалыкка салдымбы айтор чоң таштын түбүнө уктап калыптырмын. Бетиме жамгырдын тамчылары тийгенде гана ойгондум. Жайлоодо ачык турган күндө бир заматта алай-дүлөй болуп жамгыр, кар аралаш жаап жиберет. Тура калып эле атка ээр токумун токуп, бош мүшөктөрдү байланып чыкканча эле жаан күчөп, борошо уруп, карга айланып кетти. Баягы корум таштуу жолду араң дегенде жай басып өткөнгө туура келди. Кар жаап таштын үстү аябай тайгалак болуп калган. Атамдар турган жайлоого да бир топ жол узак. Ал жакка жеткиче суу өтпөгөн жеримен өттү. Аябай үшүдүм, кийген кийимим жука. Өзгөчө бутум үшүдү. Кар аралаш жаан төгүп атат. Ат бурганактан жолду таба албайт. Карагайларга жеткен кезде кургап, чириген, катыган карагайдын үйүлгөн бүчүрлөрүнүн түбүнө токтоп, бутумдун үшүгөнүнө чыдабай, ошол жакка киргенге аргасыз болдум. Ошол жерге бутумду салдым, денем жылыса экен дедим.  Башымдагы кепканы алып бутума салдым. Ал да жылуулук бере алган жок. Анан айлам кеткенде минген атымды токтотуп, аттын астына  чалкаман жатып алып, арткы бутунун чатына эки бутумду салдым. Жылуураак болот экен. Бирок ошол кезде аттын секирип, үркүп кетпегенине эмгиче мен таң калам. Ошентип отуруп мен таңкы саат төрттө үйгө келдим. Үйгө келсем атамдар издешиптир, мен барган жакта малчылар турушчу, ошол жакка конуп калган го деп ойлошуптур. Көрсө ата-энем турган ылдый жакка кар жаабаптыр.

Эртеси күнү атама жардам берип малга чыгып, асмандагы күндү карасам күндүн нурлары жерге чачылып, төгүлүп, агып аткандай көрүндү. Арадан 4-5 күн өтүп калгандан кийин минген атымдын кулагы даана көрүнбөй, сыртынан шоола басып тургандай бир нерсе каптап турат. Колумду карасам манжаларым да аттын кулагындай болуп шоолалар каптап тургандай даана көрүнбөйт. Өзүмчө эле бук болуп эмнегедир ата-энеме айткан жокмун.

Бир күнү атамдын актив болуп, кызматта иштеп жүргөн бир тууганы Тельман авам жайлоого келип калыптыр, абдан кыраакы киши эле, менин көзүмдүн начар көрө баштаганын байкап айылга доктурга жиберди. Тельман авамды аялы Какен жеңем райондук ооруканага көз доктурга көргөзсө ал жактан мени облустук ооруканага Пржевальскиге жиберишти. Ал ооруканада бир жарым айга чукул жаттым. Ошондо китеп, гезит окуганга, саатымды  көргөнгө жарап калдым. Ооруканадан чыгып жатканда врач атама жолугуп: “бир жыл көзү эс алсын, телевизор көргөзбөгүлө, оор нерсе көтөрбөсүн, арык-дөңдөн секирбесин, ат минбесин, эмдиги жылга чейин сыртка көп чыгарбагыла” дептир. Ошентип үйгө келдик.

Үмүт…

Менин классташтарымдын баары 10-класста окуп жатышат. Мен окубай калдым. Ошол 1968-жылы 7-ноябрда майрамда айылда жорго жарыш болуп калды. Айылдагы Орозбек деген кишинин күрөң жоргосуна кызыккандар абдан көп эле, ага эч кимди жолотчу эмес. Ошол майрамга барсам, курөң жоргого мени мингизди. Шайтан айдады окшойт, мени ошол жоргого минсин дегенде кубанганымдан врачтын атка минбесин деп айткандары башымдан ошол замат учуп кетти. Жети километр жерге жоргону чаптырдым. Биринчилерден болуп келдим, андан ары ордо ойнотулду дагы башка оюндар уланып кетти. Эртеси күнү 8-ноябрда  көзүм абдан катуу ооруй баштады. Август айында көзүм ооруган эмес, көрбөй гана баштаган. А бул жолкуда көзүм катуу ооруп, чыдатпай калды. Ата-энем дагы мени көрүп кыйналышты. Анан аларга ой кетти го, Караколдо бир жарым ай ооруканада жатса жыйынтык  жакшы болбоду, бир ай өтпөй кайра оорутуп баштады деп мени кыргызча ар кандай табыптарга көрсөтө  башташты. Жыйынтык болбоду, көзүм көрбөй баратты, жол таап басалбай калдым. Эшикке чыкканда жетелеп  калышты. Көзүм жакшы болбой калганда Фрунзеге көз доктурга келдик.

Жарык жашоодон ажыроо…

Фрунзеге келгенде жарыкты көрчүмүн. Оң жак көзүм жарыкты көрөт, бирок башкаларды көрө алчу эмесмин. Мен жаткан палатада Володя Усиков деген ошол кезде мен курактуу көзү көрбөгөн бала бар экен.Көзүм көрбөй калабы деп капаланып атканымды көрүп, “ага эмне капаланасың, көрбөй калсаң биздин көзү азиздер интернатында «Брайль» системасында манжаларын менен окуйсуң деп айтса аны менен мушташа кете жаздагам. “Мен көрөм, сен андай сөздөрдү айтпа!” деп орусча жакшы билбесем да урушуп кеткем. Менин жаныма келген врачтардын чачын, оозундагы кызыл помада, тырмагынын кызыл лагын көрчүмүн, бирок орусча айталбайм. Көрүп атам десем алар ишенген жок. Мени такыр көрбөй калгандай дарылашты. Атам айылдан келип, Саламаттык сактоо министрлигине чейин барды, көзү көрбөй атат Москвага жолдомо бергиле деп. Министрликтен клиникага телефон чалышса, “Калыктын башка оорулары да бар экен, ошолорду дарылап атабыз, көзүн дагы дарылайбыз” дептир. Айылдан келген атам эмне кыла алмак, жакшы болуп кетет деген үмүт менен кетип калыптыр. Бир кунү палатага врач келип ата-энемдин дарегин сурап, сени ооруканадан чыгарып атабыз дешти. Ошондо заманам куурулуп кетти, менин көзүм көрбөй калса булар мени чыгарып жатышабы деп эстен танып жыгылдым, шок болдум. Ошондон кийин нервден окшойт, көзүм катуу ооруй баштады. Анан ар бир үч саатта көздүн алмасына дары куя башташты. Алар күнү-түнү куюшту. Эки күндөн кийин атам келди. Ошондо көзүм таптакыр көрбөй калды… Мен жарыкты көрбөй калдым. Ошону менен ооруканадан чыгарышты.

Кыял…

1970-жылы 18-февралда Фрунзедеги көзү азиз балдардын мектеп интернатына 9-класска кирдим. Мектеп орусча экен, «Брайль» системасын билбейм, өзүм басалбайм, ушул үч себептен көнгөнгө чейин деп 9-класска отургузушту. Ал жактан көп дос-курбу күттүм. Таня деген көлдүк кыз менен тааныштым. Мектеп интернаттан жазганды, окуганды, тамгаларды, цифраларды үтүр чекитине чейин  «Брайль» системасында үч күндө үйрөндүм. Мектеп интернатынан өз алдынча басканга, кийимдеримди жууп, үтүктөгөнгө, окуганга үйрөндүм. Мектепте жакшы окугандыктан 9-класстан  кийин эле дароо 11-класска отургузушту. Көзүм көрбөйт деп башымды жерге салып жүрчү элем. Бул мектеп башты өйдө көтөрүп, ишенимдүү жүргөнгө үйрөттү. Каникулда айылга барганда таптакыр башкача болуп бардым.

Мектепти аяктаганда музыкант болом деп ойлодум, бирок ал кыялым ишке ашкан жок. Ошол кезде көзү азиздер тарых сабагынан мугалим болуп окуй алат деген түшүнүк бар болчу. Университетте окуйм деген максат койдум, бирок дени сак балдар ал жакка өтө албай жүрсө мен кантип окуйм деп да ойлодум. Интернатты аяктагандан кийин далай окуу жайга бардым, көпчүлүк жерден көзү көрбөйт деп баш тартып, албай коюшту. Негизи көзүм соо кезде прокурор болом дечүмүн. Адвокат болсомбу дедим. Бирок ал максатым да ишке  ашкан жок. Мектепти аяктап, айылга барып стресс болуп, аябай кайгырдым. Санаа жеп жиберди мени. Он күндө басалбай калдым. Кайра Фрунзеге келип университетке тапшырайын дедим, мурда деканга келсем, кабыл албайбыз деп койгон, бирок болбой эле кийин тарых факультетине келип тапшырдым да өтүп кеттим. Бирок өткөнүмө да ишене албай турдум, менин көңүлүмдү карап эле айтып койдубу деп да ойлодум. Акыры университетте окуп, жатаканада жашап студенттик күндөрдү өткөрдүм. Окууну 1976-жылы кызыл диплом менен аяктадым. Университетте 3-курста окуп жүргөндө МГУга жиберебиз дешти, бирок ата-энем сенин абалың ушундай болсо кандай болот деп макул бербей коюшту.

Мен 1-курсту аяктагандан кийин эле үйлөнүп алгам. Аялымдын ата-энелери көзү көрбөгөн жигитке турмушка чыгасың деп дайыма каршы болушту. Университетти кызыл диплом менен аяктагандан кийин ылайыктуу жумуш таппай, үй-бүлөм  менен батирлеп жүрүп, кыйналдык. Анан Пржевальскиге барып, ал жакта 1976-жылы 1-октябрда ишканага жууркан тиккен цехке ишке кирдим.  Чөнтөгүмдө кызыл дипломум бар, билими жок, мектепте да окубаган адамдар менен катар жумушта иштей баштадым. Ошол жерден комсомолдук жаштар бригадасын түздүм. Коомдун баштапкы уюмуна төрага болуп иштеп калдым. Ошентип жүрүп ишкананын директорунун орун басарына чейин көтөрүлдүм.

Ажырым…

Тогуз жыл үй-бүлөм менен жашадым, ошонун ортосунда алты жолу ажырашып кайра элдештик. Кайын журтум мени көзү азиз деп теңине албай коюшту. Эки кыздуу болгондон кийин ажырашып кеттик. Андан кийин Жалал-Абаддагы ишканага жетекчи кылып чакырышты. 1981-жылы ноябрдан баштап иштеп калдым. Ал жакка барганда үй-бүлөм менен ажырашып кеткем, карындашым экөөбүз барып, квартиралап жашап жүрдук.

1982-жылы баягы интернаттан таанышкан Таня деген кызга жолуктум. Ал да биринчи үй-бүлөсү менен ажырашыптыр, бир кызы бар экен. Экөөбуз жолугуп, баш кошуп алдык. Чынын айтсам чочулап калдым, дени сак кыргыздан аял алганда баарыбир үй-бүлөнүн түбүнө түшөт экен. Ошондон кийин кыргызга үйлөнгөнгө болбойт турбайбы деп билдим. Татьяна экөөбуз 1982-жылы октябрда баш коштук. Ал Жалал-Абадга мени менен келди. Экөөбүз 16 жыл бактылуу жашадык. Абдан адамкерчиликтүү эле, мени жакшы көрчү. Кыргыздын бардык каада-салтын үйрөндү, абдан таза, эмгекчил адам эле. Кийинчерээк Фрунзеге азиздер иштеген заводго директор болуп кызматка келдим. Уулум Жалал-Абадда төрөлдү. 1998-жылы 1-апрелде Татьянанын жүрөгүнө операция жасалып, каза болуп калды. Танядан бир уул,бир кыз калды. Уулум 13 жашта эле. Чынында өз апабыз 37 жашка чыкканда каза болуп калып, өгөй эне эмне экенин карындаштарым менен биргеликте билип калганбыз. Апам каза болгондон кийин атам эки жолу үйлөнгөн. Анан  менин балам 13 жашта болсо мага аял табылар, бирок уулума эне табылбайт го деп аял алган жокмун, 4 жылга жакын. Уулум бой тартып, 11-классты  аяктагандан кийин гана азыркы жубайыма үйлөндүм. Үйлөнбөй эле коеюн деп да ойлондум, бирок, көзүм көрбөсө, тамак-аш даярдаш керек, кирлеримди жууш керек, уулум менен кызым да мени тегеректеп жүрүшчү. Аларды да аядым.  Анан азыркы келинчегиме үйлөндүм. Мени сыйласа, балдарымдын көңүлүн калтырбай, бир туугандарымдан кол үздүрбөгөн аял болсо дегем. Азыркы келинчегимди 40 жашында алдым, 42 жашында кыздуу болдук.

Ийгилик…

1991-жылы Апрель пленумунда “Кыргыз азиздер-дүлөйлөр” коомуна төрага болуп шайландым. Ага чейин 1990-жылы Кыргыстан Компартиясынын XIX сьезддинде Борбордук комитетке мүчө болуп шайлангам. Ошол кезде СССРдин 15 Союзунда бир да майып Компартиянын Борбордук комитетине шайланган эмес. 1991-жылы аябай оор мезгил эле, Союз тарап, колхоз совхоздор ыдырап аткан кезде 148 га(гектар) сугат айдоо аянттарын алып, коомдун балансына койдум. Коомдун бир да ишканасын саттырган жокмун. Союздук республикалардын ичинен эки гана мамлекетте майыптардын менчик ишканасын сактап калды. Белорусия жана Кыргызстан. Калган Союздук республикаларда майыптардын ишканаларынын, эс алуу жайларынын 25-50 пайызга чейин фундаменти менен сатып жиберишти.

1996-жылы Ошко эки ишкана уюштурдум. Жалал-Абадга жаңы ишкана салдырдым. Союз кулагандан кийин бир да башка республикада социалдык үй салынган жок. Кыргызстанда мен жетектеп турганда эки революция болду. Төрт президент, 28 премьер-министр,16 спикер Жогорку кеңеш менен иштедим. Бийлик туруксуз болду. Кыргызстанда Союз маалынан 1991-жылдын 2016-жылга чейин ар кайсы бийлик менен сүйлөшүп, бирине жакшы көрүнсөм, бирине жаман көрүнүп атып, 662 көзү азиз, дудуктарга бир комнатадан төрт комнатага чейинки квартира бердим. Бир кездерде үйүм жок квартираларда, кыйналып жүргөндөрдүн эсесин чыгардым.

1991-жылы май айында Насирдин Исанов премьер-министр болуп турган кезде ага кирип, ЖОЖдордун ректорлорун чакырып, эгерде майыптын башка ден соолугу мүмкүнчүлүк берсе, билим деңгээли төп келсе, өзүнүн каалоосу болсо тарых, филология, экономика, компьютер, юрист, музыкант сыяктуу кесиптерге окуу жайлардын баарына кабыл алынсын деген чечим чыгарттырдым. Азыр ошондон бери майыптар ЖОЖдордо окуп, билим алып жатышат. Учурда майыптардын ЖОЖдордо билим алуусу 1991-жылы менин аракетим менен ишке ашкан. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында көзү азиз балдар да Бишкекке келип окушчу, бул Кыргызстандагы жалгыз мектеп эле. Түштүктөн балдардын бул жакка келип окуусу бир топ каражатты жана түйшуктү жаратат  эмеспи, ага да чуркап жүрүп 2003-жылы Ош шаарына көзү азиздер үчүн атайын мектеп ачтырдым.

Негизи  көзү көрбөгөндөргө эң жакшы кесип — массажист. Мындай кесипке Россияда, Украинада гана окутат. Кыргызстандагы медициналык академия, Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү министрлигине барып атып, медициналык академиянын алдында эки жылдык бюджеттик негизде атайын массажды үйрөтүүчү окуу жайды ачтырдык.  Азыр ал жерди аяктаган көзү азиздер 90 % жумуш менен камсыз болушкан. Ушунча убакыттын ичинде ден соолугум да солгундап, жүрөгүмдөн операция болдум.

Каалоо-тилек

Эми жаңы кирип келген 2020-жылды 20 жана 20 деп төлгө кылып жатпайбызбы.  Кудай ааламды адам үчүн жараткан, адамды өзү үчүн жараткан, эгерде адамдар бузулса, аалам бузулат, эгерде адамдардын басымдуу көпчүлүгү жакшы жол менен эмгекчил болуп, мекенчил болуп жакшы өссө анда адамдардын да, ааламдын да оңолгону. 2020-жылы элдин дили ак болсун. Абийирдүү болуп, бири-биринин жакшылыгына кубанышсын. Бизде ичи тарлык, көрө албастык, саткынчылык, кошоматчылык кылгандар бар. 2020-жылда ЖК га шайлоо болгону жатат, ушуга бараткан  ар бир саясатчы эң биринчи  ыйманына, абийирине карап, эртеңки  өсүп келаткан балдарына карап, сүйлөгөн сөзүн жасаган эмгегин да мекендин өнүгүшүнө, элдин ынтымагына арнашы керек. Оң жолго түшүүбүз керек, Кыргызстанда тынччылык болсун!

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button