Окуялар
13 жашар кызын зордуктаган киши 20 жылга кесилди

Чүй облусунун Сокулук районунда кызын зордуктоого шектелген киши 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу облустук прокуратурасынын өкүлү Нурлан Тагаев билдирди.
Мындай чечимди Сокулук райондук соту кабыл алды. “Кылмышка шектүү 52 жаштагы М.А. өз кызын зордуктаганын аныкталды. Ал жосунсуз жорукту мас абалда жасаган. Кыз болгону 13 жашта болчу. Сотто мамлекеттик айыптоочу шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратууну суранган, бирок сот ага өтө оор эмес жаза берди. Учурда прокуратура бул чечимге даттануу тууралуу маселени карап жатат», — деди Нурлан Тагаев.
Abal.kg