Коом

Кыргызстанда завод-фабрикалар жок, миграция кыскарбайт

Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткени өлкөбүздөгү завод-фабрикалар сатылып, таланып-тонолуп, түп орду менен жок болуп кеткени эч кимге жашыруун деле эмес.

Ошол кезде завод-фабрикаларда жогорку кызматта иштегендер алардын менчиктештирип же сатып жок кылышты. Ал кезде канчалаган адамдар жумуш орду менен камсыздалып, үй-бүлөсүн багып, иштеген жерден үйгө кезекке туруп, мамлекеттен бекер квартира да алышчу эле.

Ал эми азырчы? Кыргызстанда мамлекет жаңы завод курганга каражаты жетишпейт. Чет өлкөгө чыгып, акча таап, капчыктуу болуп келген жарандарыбыз бул жактан кичи завод-фабрикаларды куруп, анча-мынча  элди жумуш менен камсыздап жатышат. Албетте, кичи завод-фабрикалар элди толук иш менен камсыздай алышпайт. Кыргызстанда чоң өндүрүш жок. Ошондон улам жумушка жарамдуу  жаштар чет жакта миграцияда жүрүшөт.

Улуттук банктын 2019-жылдагы статистикасына таянсак, чет өлкөдөн Кыргызстанга өткөн жылы  1 миллиард 570,5 миллион доллар которулган.

Акча которуулардын 90 пайыздан ашыгы Россиядан келген. Россиядан бир миллиард 539,4 миллион доллар которулган. АКШдан 20,8 миллион доллар жана башка өлкөлөрдөн – 9,9 миллион доллар келген.

Ал эми 2018-жылы чет жерде иштеген мигранттар  бир жылдын ичинде 2 миллиард 685,3 миллион доллар которгон. 2017-жылы 2,5 миллиард доллар которулуп келген.

Бул суммалар Кыргызстандагы ички бюджеттин чыгымынан да көлөмдүү.

Ал эми акча которуу боюнча  дүйнө жүзүндө Кыргызстан биринчи орунда турат экен. Кыргызстандын экономикасы мигранттардын которгон акчаларына көз каранды. Кыргыз элин чет жактагы мигранттардын акча которуулары  багып жатат жана өлкөдөгү социалдык чыңалууну да ушул акчалар бир калыпка салып турганы жашыруун эмес.

Эгер Кыргызстанга техника, унаа чыгаруучу чоң заводдор курулуп, алардын иштеп кетишине мамлекет да жардам берсе, миграциянын саны азайып, эл да жумуш менен камсыз болот беле.

Чет жактан келген каражаттын көбү пайдасыз нерселерге жумшалып, той-аштарга короп жатканы да жашыруун эмес.

Кыргызстан менен кошо эгемендүүлүккө жеткенден бери айрым коңшу өлкөлөрдө унаа чыгаруучу заводдор бар. Чет өлкөлөрдөн эскилиги жеткен унааларды сатып алгандан көрө өзүбүздүн өндүрүштү колдоп, Кыргызстандан чыккан унааларды, техникаларды сатып албайт белек. Балким, келечекте жергиликтүү ишкерлер чоң завод-фабрикаларды ачып, жаштарды жумуш орду менен камсыздап  калабы деп ишенип туралы.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button